Бишкекте ШКУнун «Аялдардын лидерлиги» аттуу Аялдар форуму өз ишин баштады
26 июнь

Бишкекте ШКУнун «Аялдардын лидерлиги» аттуу Аялдар форуму өз ишин баштады

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Аялдардын лидерлиги» темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргыз Республикасынын 2026-жылы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда өтүүдө.

Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү, эксперттер, ишкер айымдар жана аялдар кыймылынын лидерлери катышууда.

Жолугушуунун негизги темасы — аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык турмуштагы ролун кеңейтүү, ошондой эле аялдардын туруктуу өнүгүү процесстерине катышуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Форумдун алкагында катышуучулар аялдардын лидерлиги, чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын катышуусу, экономикалык өнүгүү, гендердик теңчилик жана аймактагы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашат.

Программа үч негизги сессияны камтыйт: «Аялдардын лидерлиги: саясий жана коомдук чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролу», «Экономикалык өнүгүүдөгү аялдардын ролу» жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине арналган панелдик талкуу.

Иш-чара Бишкек шаарындагы «Эне-Сай» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.