Ички иштер министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу депортацияга алып келет
19 июль

Ички иштер министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу депортацияга алып келет

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарылат.

Ички иштер министрлиги эскертет: Өлкөнүн аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу, жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга чейин алып келет.

Жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо - коопсуздуктун, коомдук тартиптин жана өз ара урматтоонун негизи болуп саналат.