Кыргызстан менен Эсватини падышачылыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү
Лондондо 24-июлда Кыргыз Республикасы менен Эсватини Королдугунун ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Документке Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов жана Эсватини Королдугунун Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тандазиле Мбуйиса (Thandazile Mbuyisa) кол коюшту.
Дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Бул кадам БУУнун Уставында, 1961-жылкы Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясында жана эл аралык укуктун башка нормаларында көрсөтүлгөн принциптерге болгон өз ара берилгендикти ырастайт.
Тараптар саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар алкагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Бул окуя Кыргыз Республикасынын тышкы саясий аракеттеринин географиясын, анын ичинде Африка континентинде да, кеңейтүүнү билдирет жана Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогго умтулуусунун дагы бир далили болуп саналат.
