Турак жайга кыргызстандыктар 2,7 млрд сомго жакын пенсиялык топтомдорун багытташты
Кыргызстандыктар ипотекага, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен турак жайды ижарага алууга жана үлүштүк курулушка пенсиялык топтомдорунан жалпы 2 млрд 742,7 млн сомго жакын каражат багытташты.
2026-жылдын 1-сентябрына карата турак жай маселесин чечүү үчүн пенсиялык топтомдорун 12 миң 292 жаран пайдаланган.
Анын ичинен ипотекалык насыяларын төлөөнү улантып жаткан 397 жаранга пенсиялык топтомдорунан 92,1 млн сом берилген.
Мындан тышкары, буга чейин ипотекалык насыя алган 10 миң 348 адам 2 млрд 320,1 млн сом пайдаланган.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программаларынын алкагында турак жайды кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага алуу келишимдери боюнча төлөмдөрдү жабууга 887 жаран 141,9 млн сом багыттаган.
Үлүштүк курулуштун катышуучуларына жана банктык кепилдик берилген курулуш компанияларынан турак жай үчүн бөлүп төлөө жүргүзүп жаткан жарандарга 176,1 млн сом которулган. Бул мүмкүнчүлүктү 587 адам пайдаланган.
Мындан тышкары, мамлекеттик ипотекалык компаниянын жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын мамлекеттик программалары боюнча үлүштүк турак жай курулушунун 73 катышуучусуна 12,5 млн сом берилген.
Белгиленген талаптарды сактоо менен пенсиялык топтомдорду турак жай маселелерин чечүүгө каражат ээлери өздөрү, ошондой эле алардын жубайлары пайдалана алышат.
