Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстандын элчилиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын САПтагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымына караганда, Сауд Аравиядагы кыргызстандыктар менен элчилик байланышта болууда.
"Умра сапарына келген зыяратчылар боюнча атайын штаб түзүлгөн. Муфтият, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана умра сапарын уюштурган компаниялар менен тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө", – деди ал.
Элчи Бахрейнде Кыргызстандын 35 жараны бар экендигин айтып, алар менен да күнү-түнү байланыш түзүлгөндүгүн кошумчалады.
"Абал өзгөрүп кетсе, алар боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт. Сауд Аравияда ички каттамдар иштеп жатат, ал эми сыртка бир гана өздөрүнүн авиа компаниялары учууда. Сырттан учуп келген авиа каттамдардын каттамдары кыскарды", – деди ал.
Улукбек Марипов кандайдыр бир маселе жаралса же ыкчам жардам керек болсо, Сауд Арабиядагы түз байланыш номери иштеп жаткандыгын билдирди: +966 58 376 99 45.
Элчи Сауд Аравияда абал салыштырмалуу туруктуу экендигин кошумчалады.
