КР ӨКМ
29 апрель
Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда
Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөргө жана социалдык объекттерге зыян келтирилген.
ӨКМден кабарлашкандай, учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
Иш-чараларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч-каражаттары, жергиликтүү кызматтар жана тургундар тартылган.
Координациялоо иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов жүргүзүүдө.
Ошондой эле Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жеринде болуп, тиешелүү тапшырмаларды берүүдө.
