Айыл чарба тармагынын терминдер сөздүгүн түзүү жана бирдейлештирүү боюнча стратегиялык отурум болуп өттү
2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кичи залында Айыл чарба тармагынын терминдер сөздүгүн түзүү боюнча отурум болуп өттү.
Отурумдун негизги максаты — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарындагы терминдердин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүгүн биргеликте иштеп чыгуу. Аталган сөздүк агрономия, ветеринария, ирригация жана кайра иштетүү тармагындагы терминдердин көп варианттуулугун жоюуга, терминдерди бирдейлештирүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилде документтерди, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууну жеңилдетүүгө багытталган.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин төрагалыгы астында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Т.Ө. Осмоналиев катышты.
Иш-чарага К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимпоздору, Министрликтин борбордук аппаратынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө, Кыргыз ирригациялык илимий-изилдөө жана Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институттарынын адистери катышып, жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулап, өз сунуш-пикирлерин билдиришти.
Тармактык терминдер сөздүгү жарык көрсө, суу ресурстары, жер иштетүү, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, ветеринария жана кайра иштетүү тармактарында эмгектенген адистерге, ошондой эле айыл чарба адистерин даярдаган окуу жайларынын окутуучуларына жана студенттерине чоң жардам болору баса белгиленди.
