Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү
2 март

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жыйын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев жана Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменовдун жетекчилигинде өттү.

1-маселе;

2026-жылга карата кыргыз-тажик чек арасын инженердик тосуу иштерин улантуу маселеси каралды. Бул багытта Баткен облусунун аймагындагы бардык тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тосуу иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө көмөктөшүү тапшырмасы берилди. Жетекчилер чек араны бекемдөө иштерин биргеликте жана жогорку жоопкерчилик менен улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы жалпы 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырымды түзөт.

2-маселе;

Жыйында аткезчиликке каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, мыйзамсыз аракеттерге каршы катуу чараларды көрүү, тобокелдиги жогору аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, зым тосмолорго зыян келтирилген учурлардын алдын алуу, орнотулган тосмо зымдарды сактоо маселелери талкууланды .

3-маселе;

Эл аралык кырдаал, анын ичинде Афганистан жана Пакистан багытындагы жагдайларды эске алып, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.