Кыргыз Республикасында Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу башталды
3 сентябрь

Кыргыз Республикасында Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага видеоконференция аркылуу Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова да катышты. Салтанаттын алкагында Дамир Осмонов менен Анна Попова биргеликте Борбордун курулушуна старт беришти.

«Мындай борборду түзүү — бул жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна, өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо системасынын жугуштуу оорулардын коркунучтарына натыйжалуу жооп кайтарууга даярдыгын жогорулатууга салынган инвестиция», — деп белгиледи Дамир Осмонов.

Борбордун курулушу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоор жугуштуу оорулардын алдын алуу, аларды эрте аныктоо жана лабораториялык диагностикалоо жаатындагы улуттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүнү, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту чыңдоону карайт.

Борбордо лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-практикалык иштерди аткаруу жана квалификациялуу адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөт деп күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Россия Федерациясына, Роспотребнадзорго жана долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Анна Юрьевна Поповага өзгөчө ыраазычылыгын билдирет.