«Манас» эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган учакка 30 жыл болгон
7 июль

«Манас» эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган учакка 30 жыл болгон

Бүгүн, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясынын учагына 30 жыл болгон.

Кеп EX-80003 борт номери менен катталган McDonnell Douglas MD-83 жүргүнчү учагы тууралуу болууда.

Ачык авиациялык реестрлердин маалыматына ылайык, бул аба кемеси 1996-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарындагы заводдо чыгарылган. Сериялык номери – 2132, ал эми алгачкы учуусу 1996-жылдын 1-мартында болгон.

Кыргызстанда бул учак 2019-жылдын 15-ноябрынан бери TezJet Air Company авиакомпаниясы тарабынан лизингдик негизде пайдаланылып келет.

Бүгүн, 7-июлда, «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек – Ош багыты боюнча уча турган учурда бул учак менен кырсык катталды.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, учак көтөрүлүп бара жатканда арткы шассисинин бир тирөөчү сынып, натыйжада аба кемеси сол канатына кыйшайган. Учкучтар учакты токтотууга жетишкен, бирок токтогондон кийин авиациялык керосин агып кеткен.

Учактын бортунда 181 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү – 2 учкуч жана 4 борт коштоочусу болгон. Аэропорттун маалыматына ылайык, жабыркагандар жок.

Окуядан улам «Манас» эл аралык аэропорту учактарды кабыл алуу жана учуруу үчүн убактылуу саат 22:00гө чейин жабылды. Учурда 14 каттам кечигип, дагы 2 каттам Ош жана Алматы шаарларына багытталды.

McDonnell Douglas MD-80 учактар үй-бүлөсүнө кирген MD-83 үлгүсү 1979–1999-жылдары чыгарылган. Жалпысынан бул типтеги 1,2 миңге жакын учак өндүрүлгөн. Азыркы учурда мындай учактар заманбап тар фюзеляждуу учактарга салыштырмалуу коммерциялык каттамдарда кыйла сейрек пайдаланылат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Тез Джет» ЖЧКсынын негиздөөчүсү «АККА компаниялар тобу» ЖАКы болуп саналат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бул авиакырсык боюнча иликтөө жүргүзөт. Ошондой эле окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.