Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулат
25 март

Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулат

Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды.

Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады.

Долбоорго ылайык Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ичи, сырты толук реконструкцияланат. Долбоор жалпы 12 бөлүктөн турат жана 3 этап менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Ошондой эле жыйында Алымбек датка курдурган Ак медресени калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү жумуштарын ишке ашыруу маселелери каралды.