Жогорку Кеңештин комитети «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду
26 январь

Жогорку Кеңештин комитети «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду

Бүгүн, 26-январдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, мыйзам долбоору экономикалык жактан негизделген бааларды камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн калкынын кызыкчылыктарын коргоо жана жашоо сапатын жогорулатуу максатында, ишканалардын экономикалык туруктуулугу менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоо максатында киргизилүүдө. Долбоордун максаты бизнестин өнүгүүсүн камсыз кылган, бирок баалардын негизсиз жогорулашына жол бербеген деңгээлде рентабелдүүлүктү белгилөө ыкмасын колдонуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев социалдык маанилүү товарлардын 16 түрү боюнча калкты камсыз кылуу, аларга карата мамлекеттик жөнгө салуу тартибин тактады. Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун колдоп, анын кабыл алынышы жогорку окуу жайларындагы контракттык төлөмдөрдүн өсүшүнө таасир этпейби деген суроо узатты. Эл өкүлү акыркы эки жылда контракттардын суммасы кыйла жогорулаганын белгилеп: «Баа саясатын жүргүзүүдө биринчи кезекте элдин чөнтөгүн эске алуу зарыл», – деди. Өз кезегинде экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев 2016-жылы билим берүү тармагы монополияга каршы жөнгө салуудан чыгарылганын айтып, бул тармакты кайрадан киргизүү зарылдыгын билдирди. Депутат бул демилгени колдой турганын кошумчалады.

Муну менен катар эл өкүлү Жаныбек Абиров социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун арттыруу керектигин белгиледи.