Сагынаев Кыргызстанда мурда өткөрүлгөн Kolfest фестивалында ЛГБТ пропагандасы болгонун айтып
2 март

Сагынаев Кыргызстанда мурда өткөрүлгөн Kolfest фестивалында ЛГБТ пропагандасы болгонун айтып

Депутат Болот Сагынаев Кыргызстанда мурда өткөрүлгөн Kolfest фестивалында ЛГБТ пропагандасы болгонун айтып, быйыл бул иш-чараны өткөрүүгө каршы экенин билдирди.

Анын айтымында, бир нече жыл мурун фестиваль Ысык-Көл жээгинде уюштурулган. Ошол маалда ЛГБТ пропагандасына тыюу салынганына карабастан, улуттук баалуулуктарга жана салттуу устуктарга каршы келген көрүнүштөр көрсөтүлгөн.

Депутаттын белгилешинче, айрым катышуучулар калпак жана чепкен кийип, жылаңач абалда бийлешкен. Мындан тышкары, коомдо кабыл алынган адеп-ахлак нормаларына туура келбеген учурлар катталган. Фестивалдан кийин баңгизат колдонулганын айгинелеген шприцтер табылганы да айтылды.

Сагынаев уюштуруучулар фестивалды быйыл дагы өткөрүүнү пландап жатканын белгилеп, мындай иш-чараларга толук тыюу салынышы керектигин билдирди.