Учак кырсыгы: «Манас» эл аралык аэропорту саат 22:00гө чейин убактылуу жабылды
«Манас» эл аралык аэропорту TezJet авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуядан улам аба каттамдарын кабыл алуу жана учуруп жиберүү үчүн бүгүн, 7-июлда, саат 22:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-июлда, саат 16:10 чамасында Бишкек – Ош багыты боюнча аткарылып жаткан каттам учурунда болгон.
Аэропорттун маалыматына караганда, учак учууга көтөрүлө баштаганда арткы шассисинин бир таянычы сынып кеткен. Натыйжада аба кемеси сол канатына кыйшайган. Ылдамдык жогору эмес болгондуктан, учкучтар учакты өз убагында токтотууга жетишкен.
Учак токтогондон кийин сол канатына жөлөнүп калып, авиациялык күйүүчү май агып кеткен. Учурда окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматкерлери жана аэропорттун адистери иш алып барууда.
Учактын бортунда 181 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү – 2 учкуч жана 4 борт коштоочусу болгон. «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, жабыркагандар жок.
Окуяга байланыштуу учуу-конуу тилкеси убактылуу жабылды. Учурда 14 каттам кармалып турат. Ал эми «Манас» аэропортуна конушу керек болгон дагы эки каттам Ош жана Алматы шаарларына багытталды.
Күндүзкү каттамдар менен учмак болгон жүргүнчүлөргө үйлөрүнө кайтып баруу сунушталды.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААК билдиргендей, болгон авиациялык окуя боюнча Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги иликтөө жүргүзөт. Ошондой эле окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.
