Чүй облусунун аймагында уюшкан топко тиешеси бар болгон 3 жаран кармалды
2026-жылдын 6-7-июль күндөрү Чүй ОИИББдин милиция кызматкерлери менен райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин алкагында Чүй жана Жайыл райондорунун аймагында Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган үч жаранды кармашты.
Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылдан бери коркутууларды көрсөтүп, 3 миллион сом акча каражатын алып койгон жаранга чара көрүүнү суранган.
Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бир нече жолу соттолгон Токмок шаарынын тургуну, 1983-ж.т. К.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, соттун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилди.
Арыз менен Жайыл районунун тургуну кайрылып, 2025-жылдын июнь айында карызга демиш болуп 1 миллион 500 миң сом жана 6 миң 300 АКШ долларын алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей жүргөн жаранга чара көрүүнү суранган.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бир нече жолу соттолгон, Панфилов районунун 1985-ж.т. тургуну С.А. аттуу жаран кармалып, шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Арыз менен Жайыл районунун тургуну кайрылып, 2024-жылдын ноябрь айында У.А. аттуу жаран 1 баш бээсин тайы менен алып, кайтарып бербей, андан соң 2025-жылдын жаз мезгилинде 1 баш айгырын алып, аны да кайтарып бербей, жалпы 320 миң сом зыян келтиргенин билдирген.
Аталган факт боюнча Жайыл РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле арыз менен Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылып, 2023-жылдын июнь айында У.А. аттуу жаран «ишиңди бүтүрүп берем» деп 350 миң сом акчасын алып, ал эми 2025-жылы ошол эле У.А. 100 миң сомго сатып берем деп тайын алып кетип, акчасын бербей койгонун билдирген.
Аталган факт боюнча Жайыл РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, Жайыл районунун 1975-ж.т. тургуну У.А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факт боюнча Жайыл РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
