2025-жылдын алгачкы 6 ай аралыгында 16 миң 712 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголгон
25 июль

2025-жылдын алгачкы 6 ай аралыгында 16 миң 712 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголгон

2025-жылдын 25-июлунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2025-жылдын 6 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум башталды.

Ага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлеринин кол башчысы, башкы башкармалыктын, башкармалыктын, кызматтардын жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери катышууда. 

Коллегиялык отурумдун башталышында Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, күн тартибинде карала турган 2025-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы, өздүк курамдын тартиби, таалим-тарбиясы жана сапаттуу кадрларды даярдоо, жайкы туристтик мезгил учурундагы коопсуздук иш-чаралары, коллегиянын иш-мерчемин бекитүү жөнүндө маселелерге токтолду.  

Андан соң, кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, ушул жылдын 6 ай ичинде кылмыштуулуктун саны азайганын маалымдады.

“Үстүбүздөгү жылдын 6 айында элибиздин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу, коомго сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, ар түрдүү укук бузууларды эскертүү  жана башка бардык багыттар боюнча манилүү жана өтө маанилүү иш-чараларды алып бардык”, – деп билдирди өз сөзүндө ИИМдин башчысы.

 Ал эми, ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов  өз баяндамасында Министрликтин ишмердүүлүгүндө негизги көңүл алдын алуу чараларына, жарандардын ички иштер органдарына болгон ишенимин арттырууга, санариптештирүүгө жана мыйзамдуулукту камсыздоого бурулганын баса белгиледи. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2025-жылдын алгачкы 6 ай аралыгында 16 миң 712 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголгон.  Анын ичинен ички иштер органдары тарабынан отчеттук мезгилде жалпысынан 14 миң 6 кылмыш ишинин бети ачылган. 

Ошондой эле, Адылбек Бийбосунов криминалдык абалга кеңири талдоо жүргүзүп, ишмердүүлүктү чыңдоо багытында бир катар негизги багыттарды белгилеп, кемчиликтерди тез арада жоюу жана кызматтык ыкчам ишмердүүлүктүн сапатын жогорку деңгээлге көтөрүү керектигин билдирди.