сүрөт: depositphotos.com
3 сентябрь
Кыргызстанда бир тургунга туура келген камсыздандыруу төгүмү 42%дан ашык өстү
Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бир адамга туура келген камсыздандыруу төгүмү 771,32 сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 542,72 сом болгон. Ошентип, бир жыл ичинде камсыздандыруу төгүмү киши башына эсептегенде болжол менен 42,1%га өскөн.
Ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлкөнүн ички дүң продукттун (ИДП) үлүшү 0,56%дан 0,57%га жогорулады.
Ал эми камсыздандыруу секторунун активдеринин ИДӨгө карата үлүшү 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы 1,42%дан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1,55%га чейин өстү.
