Суу ресурстары министри Нарындагы Фермерлерди тейлөө борборунун иши менен таанышты
Айыл чарба министрлиги
25 март

Суу ресурстары министри Нарындагы Фермерлерди тейлөө борборунун иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 25-мартта Нарын шаарында жайгашкан Фермерлерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сз сөз кызматынан кабарлашты. 

Аталган борбор 2024-жылы пайдаланууга берилип, дыйкан-фермерлердин маселелерин жеринде ыкчам чечүү, ошондой эле тиешелүү кеңештерди жана багыттарды берүү максатында түзүлгөн.

Борбордо учурда суу чарба багыты менен катар банк өкүлдөрү, механизация, химизация, жер семирткич жана үрөн боюнча адистер кызмат көрсөтүшөт. Бул фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ташболотов Алтынбектин айтымында, жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин борборго 53 кайрылуу түшкөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү үрөн жана суу маселелерине байланыштуу болгон.

Иш сапардын алкагында министр борбордун ишин мындан ары өркүндөтүү, фермерлерге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселел