Сүрөт ачык булактардан алынды
23 ноябрь
Алайда күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды
Алай районунда аялын өлтүрүүгө шектелген 37 жаштагы жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, окуя 21-ноябрга караган түнү болгон. Шектүү мас абалында аялы менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүргөн деп шектелүүдө.
Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилүү болгондой, маркум буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга кайрылган эмес.
