Улан Ниязбеков кыргыз милициясынын 2025-жылдын 6 ай ичиндеги жетишкендиктерине токтолду
25 июль

Улан Ниязбеков кыргыз милициясынын 2025-жылдын 6 ай ичиндеги жетишкендиктерине токтолду

2025-жылдын 25-июлунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2025-жылдын 6 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өтүүдө. 

Анда Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, ички иштер органдарынын 2025-жылдын 6 ай ичиндеги жетишкендиктерине да токтолду. Алар:

  • Жарандарга залакасын тийгизген факторлорду жоюу жана ар түрдүү чуулгандуу окуяларды алдын алуу багытында конкреттүү ченемдик-укуктук актылар  иштелип чыкты;
  • Калкка сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү, жарандардын коопсуздугун чыңдоо, жардам сурап кайрылган адамдарга ыкчам көмөк көрсөтүү боюнча жер-жердеги ички иштер органдарына заманбап шарттар түзүлүүдө.  Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, республика боюнча бети ачылбаган оор жана өзгөчө оор кылмыштар жокко эсе;
  • Эл аралык кызматташтык боюнча жаңы мейкиндикти камтыган келишимдерге жана биргелешкен долбоорлорго жетиштик. Анын алкагында, бир катар заманбап техникалар, автоунаалар, жаңы программалар, керектөөчү материалдык-техникалык каражаттар алынып, ишке киргизилди;
  • Милиция менен коомдун ортосундагы ишенимди чыңдап, кылмыштуулукка жана укук бузууларга жеринде бөгөт коюп, аларга шарт түзгөн кесепеттерди жоюу максатында республиканын бардык аймактарында “Улуттук пландын” талаптарына ылайык, “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек”, “Коопсуздук-2025” аталышындагы форумдар  өткөрүлдү;  
  • Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн чыңдоо үчүн, 250 даана жаңы үлгүдөгү автоунаалар  алынды. Алардын баарын жакынкы арада жер-жердеги ички иштер органдарына таркатылып берилет;
  • Ички аскерлердин, атайын багыттагы полктун, кайгуул-күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн, казармаларды, машыгуучу жайларды, спорт залдардын курулуш иштери  аяктап калды. Бул кызматтардын материалдык-техникалык базалары дагы бекемделип жатат;
  • Санарип тармагын чыңдап, өлкөбүздүн мерчемдүү аймактарында видео-камераларды орнотуп, алардын жардамы менен миңдеген кылмыштардын бети ачылды. Милициянын дараметин жогорулатууга чоң өбөлгө түздү.  Быйылкы жылдан баштап, жер-жерлерге адамдардын жүзүн тануучу  видеокамералар  орнотула баштады. Бул иштердин баары “Коопсуз өлкө” долбоорунун негизинде ишке ашырылып жатат. 
  • “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунда  14 стационардык жана көчмө аппараттык-программалык комплекстер (ар бир 5 км. сайын), ошондой эле “АвтоУраган”  тутуму бар 7 кайгуул автоунаасы ишке киргизилген. Жабдуулар күнү-түнү жол эрежесин бузууну каттайт. Иш-чаралар “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
  • “Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар ушуну менен токтоп калбайт. Элдин коопсуздугун камсыздоону жакшыртууга арналган дагы көптөгөн пландарыбыз бар. Алардын баарын ырааты менен ишке ашырып, белгиленген тартипте аягына чыгарабыз демекчимин. Ар бир баштаган ишибизди аягына чыгарып, алардын жыйынтыктарына чогуу күбө болобуз деп ишенем”,-деди сөзүнүн аягында ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.