Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2,3 миң металл буюм жасалат
Энергетика министрлиги
11 август

Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2,3 миң металл буюм жасалат

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын механикалык цехинде электр жабдууларын оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринде колдонулуучу 2300 даана металл буюмун даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, аларды даярдоо үчүн цехте 7 түрдүү станок колдонулуп, трансформаторлор үчүн шкафтар, эшиктер, тосмолор, койгучтар, ар кандай типтеги траверсалар жана электр мамыларын бириктиргичтер жасалууда.

Буюмдарды даярдоо процесси керектүү өлчөмдөгү металл бурчтарды жана башка материалдарды кесүү, иштетүү, ширетүү жана даяр продукцияларды сырдоо иштерин камтыйт. Ар бир буюм белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалып, электр тармактарындагы оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринде колдонулат.

Бул иштер электр жабдууларын сапаттуу орнотууга шарт түзүү менен бирге, электр тармактарынын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыздоого