Сүрөт ачык булактардан алынды
11 август
Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 244 бала тарбияланууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда.
Ведомстводон кабарлашкандай, фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багуу үчүн жыл сайын бюджеттен каражат каралат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлө иштеп, аларда 244 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланган.
