Сак болуңуз! Кыргызстанда табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлөт
www
25 март

Сак болуңуз! Кыргызстанда табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 31-мартына чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.

КР ӨКМден кабарлашкандай, республиканын унаа жолдорунун участкаларында, айрыкча:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-138, 160-216, 216-285, 342-348, 355-362, 370, 400-441-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунун 28-36, 101-220-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун 64-120-чакырымдарында;
  • Бишкек – Торугарт жолунун 56, 111-117, 119-122, 125, 130-134-чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек жолунун 8, 38, 45-97-чакырымдарында;
  • Барскоон-Ак-Шыйрак 57-70, 70-208 чакырымдарында;
  • Бишкек – Торугарт унаа жолунун 289-293, 297-313, 321, 351-354, 355, 400, 411, 417, 423, 429-430, 433, 452, 458, 468-чакырымдарында;
  • Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-7, 17-36-чакырымдарында;
  • Нарын – Баетов унаа жолунун 97-98, 100-105-чакырымдарында;
  • Ак-Тал – Казарман жолунун 2, 5, 67-94 чакырымдарында;
  • Кочкор – Арал – Төө-Ашуу 107, 146-156 чакырымдарында;
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында;
  • Ош – Раззаков жолунун 78, 125-138, 149-190 337-354-чакырымдарында;
  • Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолунун 0-19, 25-27,3-чакырымдарында;
  • Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолунун 5-7-чакырымдарында;
  • Барпы – Ийри-Суу – Өзгөн унаа жолунун 14-16-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 10-15, 69-74, 95-96, 163-167, 165, 170-178, 171-172, 176-177, 184-240-чакырымдарында;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 7-15, 30-50, 54, 60-89, 97-97,3, 98, 101-113120-133-чакырымдарында;
  • Гүлчө – Кызыл – Суу унаа жолунун 8-11, 12-17-чакырымдарында;
  • Культцентр – Чөгөм – Загара унаа жолунун 3-6, 11-14-чакырымдарында;
  • Культцентр – Кичик - Алай унаа жолунун 2-3, 2-6, 3-3,5, 6-6,1, 6-6,5, 8-9, 10-13, 11-14, 14-15-чакырымдарында;
  • Ак-Терек – Папан – Кожо-Келен унаа жолунун 37-39, 45-48, 57-60-чакырымдарында;
  • Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 13-28-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 30-37, 41-60 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт унаа жолунун 40-100, 50-114, 64-68, 74-75, 81-83, 85-88, 90, 97-98, 100-105, 110-114, 120-125-чакырымдарында;
  • Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 0-3, 1-2-чакырымдарында.

Белгилей кетсек, бул боюнча ӨКМ тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке кырсыктардын алдын алуу, коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча атайын эскертме-каттар жөнөтүлдү.

Министрлик жарандарды тоо койнунда эс алууга чыкпай турууга жана алыскы жолго сапар алууда коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.