Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды
видеодон алынган кадр
7 июль

Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды

Бүгүн, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек–Ош багыты боюнча уча турган учагы учууга кам көрүү учурунда техникалык мүчүлүштүккө кабылды.

Натыйжада учуу токтотулуп, жүргүнчүлөр эвакуацияланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учак Бишкекке «Жалал-Абад» аэропортунан учуп келген.

Саат 16:15ке карата аэропортто жүргүнчүлөр авариялык трап аркылуу эвакуацияланды.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК окуя боюнча кеңири маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Окуянын себептери жана жабыркагандар бар же жок экендиги тууралуу азырынча расмий маалымат жок.