Тоң РЭТинде кышка даярдык иштери жигердүү жүрүүдө
25 июль

Тоң РЭТинде кышка даярдык иштери жигердүү жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында «КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Тоң РЭТинде жаңылануу жана күз-кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

Быйылкы жылы жүргүзүлгөн техникалык иштердин негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүлөр:

  • 82 даана трансформатор жана 26 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;
  • 20 трансформатор менен 11 чакырым аба линиясы капиталдык оңдоого алынган;
  • Коопсуз жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылуу максатында 4,8 чакырым алюминий зымдар заманбап СИП зымдарга алмаштырылган;
  • Эскилиги жеткен 156 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
  • Аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 44,9 чакырым трасса боюнча бутактарды кыю жана бактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү;
  • Мындан тышкары, 5 чакырымга жакын электр линиясы толугу менен реконструкцияланды.

Бул иштердин негизги максаты — Тоң району боюнча электр энергиясын жеткирүүдө үзгүлтүккө жол бербөө, инфраструктураны жаңылоо жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү.