Ноокен районунда мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды
2026-жылдын 28-июль күнү Ноокен РИИБге Өзбекстан Республикасынын жараны, 1984-жылы туулган Г.И.М. мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өткөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган жаран Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө жана тиешелүү текшерүү иш-чаралары уланууда.
