Талант Мамытов 75 аксакалдын кайрылуусу парламентте көтөрүлбөгөндө азыркыдай маселе жаралмак эместигин айтты
18 февраль

Талант Мамытов 75 аксакалдын кайрылуусу парламентте көтөрүлбөгөндө азыркыдай маселе жаралмак эместигин айтты

Бүгүн депутаттык ант берип, ишке киришкен Талант Мамытов парламент ар кандай саясий интригаларга аралашпашы керектигин айтты. 
Ал 75 аксакалдын кайрылуусун эске салып, эгерде бул маселе парламентке чыгарылбаганда, азыркыдай кесепеттерге алып келмек эмес деген оюн билдирди. 

“Мыйзам менен иштегенде гана адилеттүүлүк орнойт. Парламент президенттин мөөнөтүн аныктай турган, Конституциянын беренелерин талкуулай турган орган эмес. Интрига жаратпастан, талаш-тартыш жаратпастан, бул жерде отурган коллегаларды ыңгайсыз абалга калтырбастан, Конституциялык сотко эле кайрылуу туура болмок. Парламент ар качан, кыйын учурда дагы саясий кризис борбор катары иштеп келгенбиз. Ал эми төрага андай учурда кризис-менеджер болууга тийиш”, - деди Мамытов. 

Ошондой эле депутат төраганын маанилүү милдеттеринин бири – президент менен парламенттин ортосундагы мамилени жакшыртууну камсыз кылуу экенин кошумчалады.