Кыргызстанда чиновтиктер аз пара ала башташты
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Кыргызстанда чиновтиктер аз пара ала башташты

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда экономикалык багыттагы 1 миң 152 кылмыш катталган.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6%га көбөйгөн.

Тактап айтканда, укук коргоо органдары ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү боюнча 56 фактыны каттаган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7%га көп.

Ошол эле учурда айрым кызматтык кылмыштардын саны азайган.

Алты ай ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 374 учур катталган. Бул 2025-жылдын январь–июнь айларына салыштырмалуу 0,8%га аз.

Паракорчулук боюнча аныкталган учурлардын саны 38,5%га кыскарган. Тактап айтканда, былтыркы 148 учурга салыштырмалуу быйыл 91 учур катталган.

Коррупциялык кылмыштардын саны 41,3%га азайып, 46 учурдан 27 учурга түшкөн.

Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бийликтен аша чабуу боюнча бир дагы кылмыш катталган эмес. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде мындай 20 факт катталган.

Маалыматтар Кыргызстандын Улуттук статистика комитети тарабынан Башкы прокуратуранын маалыматтарынын негизинде келтирилди.