Былтыр Жалал-Абадда 549 өрт катталып, андан 9 адам каза болгон
7 февраль

Былтыр Жалал-Абадда 549 өрт катталып, андан 9 адам каза болгон

2025-жылы Жалал-Абад облусунда 549 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 9 адам каза болуп, 10у ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу 6-февралда жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери боюнча жыйында айтылды. 

Ошол эле учурда жыйындын жүрүшүндө өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 315 адам куткарылганы белгиленди.

Ал эми селдин алдын алуу үчүн 486 160 метр канал жана арыктар тазаланган.

Облус аймагында 1020 кооптуу участок бар экени, 2025-жылы 31 үй-бүлө туруктуу, 35 үй-бүлө убактылуу коопсуз аймакка көчүрүлгөн.