2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында эки техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматовдун жетекчилиги алдында 6-февралда 2025-жылы жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери боюнча жыйын өттү.
Анда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Жарандык коргонуу башчысынын тапшырмасы менен 2025-жылы аткарылган иш мерчемдер талкууланды.
Ошондой эле 2025-жылы облус аймагында 2 техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген материалдык чыгым 43 млн 797 миң сомду түзгөнү маалымдалды.
Жыйында 2026-жылга милдеттер коюлуп, облус боюнча 153 окуу-машыгуу өткөрүү, 48 кооптуу объектте алдын алуу иштерин жүргүзүү, селге каршы 134 объектти тазалоо, ошондой эле кооптуу аймактардагы жарандарды көчүрүү иштерин күчөтүү тапшырмалары берилди.
