КР ӨКМ
17 апрель
Бишкектеги Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды
Бишкектеги Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерине сегиз куткаруучу тартылып, алар болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарышкан.
Маркумдун сөөгү КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
