Зомбулукка каршы күрөшкө күнүнө $23 миң: дүйнөдө ар бир 10 мүнөт сайын аял же кыз каза болот
сүрөт: depositphotos.com
3 сентябрь

Зомбулукка каршы күрөшкө күнүнө $23 миң: дүйнөдө ар бир 10 мүнөт сайын аял же кыз каза болот

БУУнун аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча иш-аракеттерди колдоо үчүн түзүлгөн Максаттуу фонду 30 жылдын ичинде 250 млн доллардан ашык каражат топтоп, дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун демилгени колдоду.

Буга карабастан, абал кооптуу бойдон калууда. БУУнун маалыматына караганда, дүйнөдө дээрлик ар бир үчүнчү аял зомбулукка кабылган.

2024-жылы ар бир 10 мүнөт сайын бир аял же кызды анын жакын өнөктөшү же үй-бүлө мүчөсү өлтүргөн.

2010–2015-жылдары Фонд 55 млн долларга 109 грант бөлгөн болсо, 2021–2025-жылдары бул көрсөткүч 70 млн долларга 153 грантка жеткен.

Акыркы беш жылда аяктаган 36 долбоорго жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоо алардын бардыгы натыйжа бергенин, көпчүлүк учурда бул таасир узак мөөнөттүү болгонун көрсөттү.

Бирок Фонддун мүмкүнчүлүктөрү жардамга болгон өсүп жаткан суроо-талапты толук камсыздай албайт. 2025-жылы гана каржылоого берилген өтүнмөлөрдүн жалпы көлөмү 2 млрд доллардан ашкан.

Ошол эле учурда аялдар уюмдарынын 90 пайызы эл аралык жардамдын кыскарышынан улам каржылык жоготууларга дуушар болгон. Алардын дээрлик жарымы жабылып калуу коркунучунда турат.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш куралдуу кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү жана жаңы технологиялар аялдар менен кыздар үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратып жатканын билдирди.

Фонддун 2026–2030-жылдарга карата жаңы стратегиялык планы кеминде 150 млн доллар тартууну көздөйт. Анда технологияларга байланыштуу зомбулуктун жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүү, гуманитардык жана климаттык кризистер учурунда аялдарды коргоо, ошондой эле өспүрүм кыздарды колдоо негизги багыттар катары белгиленген.