“Пито” каймана аттуу Сыдык Дүйшөмбиев эки айга камакка алынды
18 февраль

“Пито” каймана аттуу Сыдык Дүйшөмбиев эки айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы – ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу райондук соттон “Кабар” агенттигине маалымдашты.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин “Коррупция” 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталууда.

Соттун чечими менен ал 15-апрелге чейин камакка алынды.

Сыдык Дүйшөмбиев буга чейин укук коргоо органдары тарабынан кармалганы айтылган.