Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтүп жатат
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Айыл чарба жарманкеси Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда өтөт.
Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо.
Шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат.