Кызыл-Кыяда дүкөндөрдө уурулук жасагандар кармалды
22 декабрь

Кызыл-Кыяда дүкөндөрдө уурулук жасагандар кармалды

2025-жылдын ноябрь айынан тартып Кызыл-Кыя шаарында түнкү убакта дүкөндөрдү бузуп кирүү жолу менен уурдоо фактылары катталып, жарандардан ички иштер органдарына бир нече арыз түшкөн.

Аталган фактылар Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун 33 жаштагы тургундары Т.Р. жана К.М. кармалып, тиешелүү тартипте тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.