Жыл башынан бери 10,7 миңден ашуун кыргызстандык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин көмөгү менен чет өлкөдө жумушка орношту
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды өлкөдөн тышкары коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу ишке орноштурууну камсыздоо боюнча ишин улантууда.
Отчёттук мезгилде Борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу документтерди кароо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын төрт жыйыны өткөрүлдү.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат алуу жана анын мөөнөтүн узартуу үчүн 83 арыз келип түшкөн. Кароонун жыйынтыгында ушул жылы 65 уруксат берилди. Уруксат берүүчү документтерди берүүнүн эсебинен республикалык бюджетке 260 миң сом киреше түштү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, учурда тиешелүү уруксаты бар 143 жеке ишке орноштуруу агенттиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө.
Бул агенттиктердин көмөгү менен отчёттук мезгилде Кыргыз Республикасынын 10 785 жараны чет өлкөлөрдө жумушка орноштурулган. Алардын ичинен 5 484ү – аялдар. Жарандар 27 өлкөдө ишке орноштурулууда.
Эң көп жаран Түркия Республикасына жөнөтүлгөн – 4 476 адам. Ошондой эле Улуу Британия, Болгария жана Германия кыргызстандыктар үчүн эң көп суроо-талапка ээ болгон багыттардын катарында калууда. Бул өлкөлөрдө жарандар экономиканын ар түрдүү тармактарына ийгиликтүү ишке орношуп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу кызматтарын пайдаланууда сөзсүз түрдө расмий каттоодон өткөн жана чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүгө жарактуу уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине гана кайрылууга чакырат. Бул жарандардын эмгек укуктарын коргоонун, коопсуз эмгек шарттарын камсыздоонун
