Жол ачык, каттам бар. 26-январга карата ашуулардагы абал
Бүгүн, 26-январда өлкө аймагындагы автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам бар, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз – Талас – Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда жана Түп –Кеген жолунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жолдордо, ашууларда кар күрткɵлɵрүн тазалоо кум- туз аралашмасын чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Алыс жолго чыккан айдоочуларга Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
