Караколдогу мектептеги зомбулук: аткаминер жана милиция кызматкерлери сөгүш жарыяланды
КР УКМК Каракол шаарындагы К.Мендегул уулу атындагы №7 орто мектебинин 9“А” классынын ата-энелер комитетинин өкүлү М.Д.Ц.нын мектептеги системалуу зомбулук боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевге кайрылган арызынын негизинде КР УКМК бир катар иликтөөлөрдү жүргүздү.
Тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча иштер тийиштүү түрдө жүргүзүлбөй, жаш муундарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттер аткарылбай жаткандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу КР УКМК тарабынан кылмыштарды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө токтом чыгарылып, аны аткаруунун алкагында Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т., Каракол шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Ал эми төмөнкүлөргө карата тартиптик чаралар көрүлдү:
- Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Ч.Ч.га – "сөгүш",
- Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Б.М.Т.га – "катуу сөгүш",
- Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча ыкчам кызматкери К.А.К.га – "кызматтык милдеттерди толук аткарбоо боюнча",
- Жыргалаң шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы М.А.К.га – "сөгүш",
- Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри А.Н.М.га – "катуу сөгүш" берилди.
Мындан тышкары, КР Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 17-июлундагы №436 буйругу менен бекитилген "Өспүрүмдөр иши боюнча инспекциянын ишмердүүлүгүн уюштуруунун нускамасына" ылайык, төмөнкү окуучулар: К.Мендегул уулу атындагы №7 орто мектептин 11-классынын окуучулары Н.Б., К.И., А.А., 10-классынын окуучулары И.С., А.Ш., А.Б., Э.Д., Д.У., А.З., ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КМЮА колледжинин студенти Н.Р. Ички иштер бөлүмүнүн атайын каттоосуна алынды.
