Чүй облусунда уурулуктардын сериясына шектүү жаран кармалды
2025-жылдын 14-декабрында Токмок ШИИБге А.Б. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 2025-жылдын 6-декабрында саат 16:00дөн 22:00гө чейин белгисиз адамдар Токмок шаарындагы “А-Г” аттуу жайдын жанында жашыл түстөгү «Mazda Premacy» автоунаасына мыйзамсыз кирип, андан парфюмерия буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада, жаранга олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү адамды аныкташкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган А.Д. экени белгилүү болгон. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шаардык соттун чечими менен шектүүнүн бөгөт чарасы эки айга камакка алуу деп белгиленген.
Тергөө учурунда анын Токмок шаарында жасалган бир нече окшош уурулуктардын катышуусу аныкталган.
Тергөө иштери уланууда.
