МКККПнун профилактикалык рейддери: жарандардын өмүрүн коргоо жана коомдук тартипти камсыз кылуу
Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери коомдук жайларда, көчөлөрдө жана жалпы пайдалануудагы башка аймактарда жүргөн туруктуу жашаган жери жок адамдарды аныктоого багытталган профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келишүүдө. Айрыкча түнкү жана суук мезгилдерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Социалдык жардамга муктаж болгон адамдар социалдык баш калкалоочу жайларга жеткирилип, ал жерден убактылуу турак жай, тамак-аш жана зарыл жардам көрсөтүлөт. Коомдук тартипти бузган жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылып, соттун чечими менен Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуучу жайына жайгаштырылат. Ошентип, өткөн дем алыш күндөрү соттун чечими менен ар кандай укук бузуулар үчүн 20дан ашык жаран Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – кыш мезгилинде адамдардын үшүп кетүүсүнүн жана каза болуусунун алдын алуу, оор турмуштук абалга кабылган жарандарга социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу, борбор калаанын тургундары менен конокторунун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
