Кыргызстанда макулатура экспортуна алты айга тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатураны жана кагаз калдыктарын) өлкөдөн тышкары алып чыгууга алты айлык убактылуу тыюу салуу боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору даярдалды.
Бул демилге ички рынокто чийки заттын тартыштыгын алдын алууга жана ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого багытталган.
Негиздеме маалымкатында белгиленгендей, өлкөдө кагаз продукцияларын өндүрүү туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Тактап айтканда, ажаткана кагазынын өндүрүшү 2020-жылдагы 1 665,1 тоннадан 2024-жылы 4 002,4 тоннага чейин көбөйгөн. Ал эми кагаз таңгактарынын өндүрүшү ушул эле мезгил аралыгында 10 255,2 миң чарчы метрден 24 693,4 миң чарчы метрге жеткен.
Ошол эле учурда тармак экинчи ирет пайдаланылуучу чийки затка көз каранды бойдон калууда. 2026-жылдын алгачкы үч айында өлкөгө 1 750,5 тонна макулатура импорттолгон.
Муну менен катар макулатуранын экспорту да өсүүдө. 2024-жылы сыртка 4 243,1 тонна макулатура чыгарылса, 2026-жылдын үч айында бул көрсөткүч 900,5 тоннаны түзгөн.
Долбоордун демилгечилеринин баамында, макулатуранын экспортунун көбөйүшү ички рынокто чийки заттын тартыштыгын жаратып, кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугунун толук пайдаланылбай калышына алып келиши мүмкүн. Бул өз кезегинде жумуш орундарын кыскартуу жана бюджетке түшүүчү салыктык кирешелердин азайышы сыяктуу терс кесепеттерди жаратышы ыктымал.
Учурда Кыргызстанда кагаз жана картонду кайра иштетүүчү бир катар ишканалар иш алып барууда. Алардын катарында «Бишкек Картон», «Алихан Компани», «Алтын-Ажыдаар», «Paper Company», «Эфес ЛТД» жана башка компаниялар бар. Белгиленгендей, айрым ишканалар чийки заттын жетишсиздигинен улам өндүрүштүк кубаттуулугун толук пайдалана албай жатышат.
Долбоордо ЕАЭБдин колдонуудагы нормаларынын алкагында макулатураны экспорттоого алты айлык убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Бул нормаларга ылайык, мүчө мамлекеттер нетарифтик жөнгө салуунун убактылуу чараларын киргизе алышат.
