Жумгалда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча аял кармалды
17 апрель

Жумгалда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча аял кармалды

Жумгал районунун аймагында опузалап талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран кармалды.

Аталган окуя боюнча буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында шектүүнүн аракеттеринде коркутуу жолу менен акча талап кылуу жана алдоо белгилери бар экендиги тастыкталган.

2026-жылдын 13-апрелинде маркумдун жакындары арыз менен кайрылган.

Чогултулган материалдардын негизинде 1985-жылы туулган Т. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу) жана 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык)менен кылмыш иши козголуп, ал кармалды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.