Айыл чарба министрлигинде санариптештирилген корпоративдик портал ишке киргизилүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинде мамлекеттик органдар үчүн заманбап маалыматтык система — Корпоративдик портал ишке киргизиле баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Корпоративдик портал кызматкерлердин иши үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндик болуп калат жана негизги куралдарды бириктирет:
- ички почта жана байланыш каражаттары;
- электрондук документ жүгүртүү (тоо тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө);
- талдоо жана отчеттуулук (тапшырмалар, документтер, катышуу боюнча);
- кадрларды башкаруу жана KPI (кызматкерлерди эсепке алуу, ролдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү бөлүштүрүү, уюштуруу түзүмү, тапшырмалардын аткарылышына жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү);
- календарь жана эскертмелер (жолугушуулар, иш-чаралар, жазуулар).
Системанын негизги максаты — мамлекеттик кызматкерлердин ишин жеңилдетүү, процесстерди тездетүү, кагаз жүгүртүүнү кыскартуу жана министрликтин ишинин ачыктыгын жогорулатуу.
Корпоративдик порталды колдонуу жумуш процесстеринин жөнөкөйлүгүн жана ачыктыгын камсыздайт, макулдашууну тездетет, кагаз жүгүртүүнү кыскартат, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жеке жана командалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн KPI баалоо системасын киргизет.
Борбордук аппараттын базасында окутуу сабактары өткөрүлөт. Кызматкерлер порталдын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, практикалык көндүмдөргө ээ болушат жана системаны күнүмдүк колдонууга даярданышат.
Корпоративдик порталды киргизүү санариптештирүү боюнча комплекстүү иштин бир бөлүгү болуп саналат жана мамлекеттик башкарууга заманбап механизмдерди киргизүүгө мүмкүндүк берет.
