Токтогулда марихуана баңгизаты менен бир жаран камакка алынды
Токтогул РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан белгисиз жаран баңгизатын жыйнап жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.
Аталган маалымат Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогодорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козолгон.
Токтогул РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катарында М.А. аттуу жаран аныкталып, тергөөгө камсыз кылыган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын 1982-жылы туулган М.А. аттуу тургуну, Токтогул районуна келип, жапайы баңгизатын жыйнап жаткан жеринен кармалган. Ал эми жалпы салмагы 10 кг 215 грамм болгон баңгизаты алынып, аларга карата соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен 55 грамм гашиш жана 10кг 160 грамм марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.
Шектүү М.А. Токтогул райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
