Кыргызстанда сел жана суу ташкындарынан жабыркагандар 3,5 миллион сомдон ашык кенемте алышты
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Кыргызстандын түштүк аймактарында табигый кырсыктардан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берди.
Келтирилген зыянды баалоонун жыйынтыгында 19 жаран камсыздандыруу төлөмүн алышты. Жалпы төлөнгөн сумма 3 миллион 517 миң 965 сомду түздү.
Төлөмдөр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы камсыздандырылган турак жайлардын ээлерине берилди. Алардын катарына Араван, Алай, Сузак, Аксы, Баткен жана Лейлек райондору, ошондой эле Манас шаары кирет.
Келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша камсыздандыруу төлөмдөрү 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин түздү.
Компаниядан билдиришкендей, төлөмдөр сел жана суу каптоолордун кесепеттерин баалоонун негизинде жүргүзүлгөн.
