Жогорку Кеңештин спикери президентке өзүнүн 5 жылда аткара турган иштеринин планын тааныштырды
Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиев жакында президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, ага парламенттин 5 жылдык стратегиясы боюнча маалымат бергенин жана өзүнүн төрага катары 5 жылда кандай иштерди аткараарын айтып бергенин билдирди.
Айтымында, Жогорку Кеңешти толук кандуу санариптештирүү – бул биринчи маселе.
Ал эми экинчиси – парламентке кайсы бир көйгөйүн жеткирүүгө келген элге шарт түзүү.
“Президент Президенттик администрацияда жана Министрлер Кабинетинде санариптештирүүнүн эффективдүүлүгү тууралуу мисалдарды келтирди. Санариптештирүү – адам ресурсун туура колдонууга жана мамлекеттин өнүгүшүнө түрткү берет. Мисалы, комитетке тонналап кагаз жүзүндөгү материалдар келет. Ошонун баарын электрондук түргө өткөрүш керек”, – деди спикер.
Ал белгилегендей, бул үчүн депутаттарга учурда 90 планшет тапшырык берилди.
Андан тышкары Маматалиевдин айтымында, эл өкүлдөрүнө жолугуу үчүн жаш балдары менен келген жарандар үчүн “Эне жана бала” бөлмөлөрү түзүлөт.
