Чолпон-Атада сел суусу өтүүчү канал курулууда
22 декабрь

Чолпон-Атада сел суусу өтүүчү канал курулууда

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту дарыясынын нугунда сел суулары агып өтүүчү каналдын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашты.

Долбоор боюнча ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан жалпы узундугу 2500 метр канал курулат.

Каналдын нугу 4 участокко бөлүнүп, бүгүнкү күндө биринчи участогундагы 730 метр тилкесинде курулуш иштери 90% аткарылып бүттү. Мындан сырткары унаа өтүүчү 3 көпүрө курулуп бүткөрүлдү.

Учурда төртүнчү көпүрөнү куруу иштери жүрүүдө.