Сокулук районунда бала бакчадан өрт чыкты
Бүгүн, 22-декабрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчанын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, өрт саат 08:00 чамасында чыккан.
Жерине үч бөлүм тартылган.
Окуя болгон жерден отуз адам эвакуацияланган.
Жалын саат 09:53тө чектөөгө алынган. Алдын ала маалыматка караганда, өрттүн аянты 550 чарчы метрди түзгөн.
Учурда өрттү толугу менен өчүрүү аракеттери көрүлүүдө. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.
