КР БШК
11 ноябрь
Президенттикке дагы бир талапкер — Айба Амур
Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
