Сурабалдиева кезексиз парламенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди
Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-нобрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №23 шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Сурабалдиева Элвира Жыргалбековнадан арыз келип түштү.
Эскерте кетсек, президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнүнө дайындалган.
